18 февраль 2025
Кароолор: 7
Талас мамлекеттик университети менен Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы ортосунда кызматташуу келишими түзүлдү

2025-жылдын 18-февралында Талас мамлекеттик университети менен Ж. Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын ортосунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатында кызматташуу жөнүндө келишим түзүлдү.
Бул келишимдин негизги максаты – Талас облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга багытталган курстарды өткөрүү. Окутуу процессинде заманбап мультимедиялык жабдуулар менен жабдылган жайлар пайдаланылат.
Мамлекеттик заказдын алкагында профессордук-окутуучулук курамдан квалификациялуу тренерлер тандалып, кызматкерлерге терең билим жана практикалык тажрыйба берүүнү көздөп жатышат.
Жаңы келишим Талас облусундагы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга жана натыйжалуу мамлекеттик башкарууну камсыз кылууга чоң салым кошоорун күтүүгө болот.