22 ноябрь 2024

Кароолор: 10

“ТАЛАС-АГРО-ДИАЛОГ” АЙЫЛ ЧАРБА ФОРУМУ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин демилгеси менен бүгүн 22-ноябрда, “Талас-Агро-Диалог” темасында айыл чарба форуму өттү.

Иш-чараны КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов ачып жатып, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу үчүн дыйкан-фермерлерге, багбандарга жаңы ыкмалар тууралуу кеп-кеңештерди берүү, Талас облусунун айыл чарбасын жаңы нукта өнүктүрүүгө жол ачуу максатында адаттан тыш форматта агро-диалог форуму өтүп жатканын белгилеп өттү. Ар бир катышуучу үчүн аталган форум өз пайдасын берип, иш-чара максаттуу болсун деген тилегин айтты.

К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында уюштурулган форумга Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орунбасары Самат Насирдинов, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев, Органика айыл чарбасы жана кайра иштетүү департаменти, Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаменти, КР Соода өнөр жай палатасы, «Аталык Групп» агроөнөр жай холдинги, Бай-Багбан ассоциациясы, КР Балык өнөр жай ассоциациясы, Фазенда багбан-блогери Абдукадыр Абдушукуров, мамлекеттик банктар ж.б. жеке компаниялар, агенттиктер жана дыйкандар, фермерлер, багбандар катышты.

Форум дыйкан-фермерлерге маалымат алуу үчүн В2В форматында уюштурулуп, анда айыл чарбаны өнүктүрүүнүн негизги аспектилери, инновациялык технологияларды киргизүү, айыл чарба продукциясынын өндүрүмдүүлүгүн, сапатын жогорулатуу, дыйканчылык, багбанчылык, мал чарбасы, тоют өндүрүү жана башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Буга кошумча иш-чаранын жүрүшүндө жаңы келген айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана Талас облусунда өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулду.

Сессиялардын соңунда Талас облусунун айыл чарба багытын жакшыртууга жана өнүгүүсүнө кошкон зор салымдары үчүн эмгек алдынкыларына, мыкты чарбакерлерге Кыргыз Республикасынын Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын төш белгилери, ардак грамоталары жана ыраазычылык каттары тапшырылды.