21 май 2024
Кароолор: 18
ТАЛАС АЭРОПОРТУ ИШКЕ БЕРИЛДИ

Бүгүн 21-майда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Талас аэропортунун ачылыш аземи болуп ѳттү. Талас аба майданынын ачылыш аземине КР Министрлер Кабинетинин Тѳрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин депутаттары Руслан Жакышов, Бактыбек Чойбеков, КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов, “Манас” эл аралык аэропортунун директору Манасбек Самидинов район акимдери, Талас шаарынын мэри, мекеме-уюмдардын жетекчилери коомчулук катышты.
Ачылыш аземде Президент Садыр Жапаров 30 жылдан ашык убакыттан кийин ишин кайрадан жандантып жаткан Талас аэропортунун ачылышы менен жалпы элди куттуктап, “аэропорттордун ишке кириши – ѳлкѳнүн ѳнүгүүсүн шарттап, жалпы элдин биримдигин бекемдѳѳгѳ ѳбѳлгѳ болот” ,-деп билдирди. Ошондой эле, учак майдандарын калыбына келтирүү менен ишкердик менен туризмди ѳнүктүрүүгѳ, кошуна ѳлкѳлѳр менен алаканы чыңдоого жол ачылаарын кошумчалады.
Белгилеп кетсек Талас аэропорту мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун аймактардагы аэропортторду кайрадан калыбына келтирүү демилгеси менен курулду. Курулуш иштери 2023-жылдын 15-июнунда башталган. Аэропорттун жаңы салынган аэробекети жүргүнчүлѳргѳ ыңгайлуу болуусу үчүн заманбап бардык шарттар менен жасалды. Анда катардагы жүргүнчүлѳрдѳн сырткары балалуу энелер үчүн дагы “эне-бала” бѳлмѳсү даярдалып, керектүү шарттар түзүлгѳн. Муну менен катар ѳзгѳчѳ коноктор үчүн атайын VIP күтүү залы да бар. Аэропорт КР Жарандык авияциясынан атайын сертификаттарды алып, текшерүүдѳн ѳттү. Аэробекет саатына 100 жүргүнчүнү кабыл алат.