30 январь 2025
Кароолор: 6
“СУУСАМЫР-ТАЛАС-ТАРАЗ” УНАА ЖОЛУН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО ДОЛБООРУНУН IV ФАЗАСЫ

“Суусамыр-Талас-Тараз авто жолун реконструкциялоо, фаза IV, 104,6-197,6 км” долбоору быйыл 2025-жылы старт алат. Анын алкагында кечээ 28-январда облус башчынын биринчи орун басары Талантбек Эдилов, КРдин Транспорт жана коммуникация министрлигинин Ислам өнүктүрүү банкынын долбоорлорун ишке ашыруу тобунун социолог/экологу, РАСЕ Эл аралык консалтинг компаниясынын инженери жана жергиликтүү ведомстволор аралык комиссия менен биргеликте Бакай-Ата районунун жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Анда унаа жолдун курулуш зонасына дуушар болгон курулуштарды, жер тилкелерди иретке келтирүү максатында жергиликтүү калкка долбоордун белгиленген курулуш чектери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.