25 апрель 2025
Кароолор: 2
«Суусамыр-Талас-Тараз» автожолунун реконструкциясы: IV фазага старт берилди

Бүгүн, 25-апрелде «Суусамыр-Талас-Тараз» автожолунун 93 км узундуктагы бөлүгүн реконструкциялоо боюнча IV фазанын курулуш иштери башталды.
Иш-чарага Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү жетекчилер жана тургундар катышты.
Министр Сыргабаев бул жол эгемендүүлүктөн бери толук оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнүн белгилеп, жолдун эскилиги жана транспорт агымынын көбөйүшү коопсуздукту төмөндөтүп келгенин айтты. Долбоорду ишке ашырууга Президенттин жана Министрлер Кабинетинин колдоосу чоң болгонун белгиледи.
Долбоор II техникалык категорияга ылайык түзүлүп, калктуу конуштарда — 4 тилкелүү, калксыз аймактарда — 2 тилкелүү жол салынат. Ошондой эле тротуар, жарыктандыруу, светофор сыяктуу коопсуздук элементтери каралган.