29 январь 2025

Кароолор: 6

“СОЦИАЛДЫК КЕЛИШИМ” – ИШКЕРДИККЕ ӨБӨЛГӨ

Бүгүн, 29-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кичи жыйын залында 2024-жылы социалдык контракт келишими менен мамлекет тарабынан 100 миң сом өлчөмүндө алган үй-бүлөлөрдүн ишкерлиги боюнча монитрингдин жыйынтыгы тууралуу отурум болуп өттү.

Отурумда облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова 2024-жылы жалпы 1 045 үй-бүлө 100 000 сомдон алып ишкерлигин башташканын, анын ичинен 242 үй-бүлөгө Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан акча каражаты өздүк эсептерине которулуп берилгенин билдирди. Алдыдагы максат соцконтрак алып ар кандай турмуштук кырдаалдардан улам ишкерлигинин баштай албай же багытын өзгөрткөндөргө ар тараптуу колдоо көрсөтүү. Ишкерлик баштаганы менен ишин илгерилете албай аткан үй-бүлөлөрдү окутуу.

Отурумда райондук эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция бөлүмдөрү 2024-жыл ичинде соцконтракт алган үй-бүлөлөрдүн ишкердүүлүгү боюнча видео, фото слайддарды көрсөтүшүп, анализ-релиздери боюнча маалымат беришти.

ОБСЕнин каржылоосу менен ЖИА Бизнес Ассоциациясынын алдында иш жүргүзгөн ишкерликти колдоо борборунун бизнес консультанты Нурсултан Сулайманов ишкерликти баштаган аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн окутууларды уюштуруп, жеке кеп-кеңеш берүү боюнча көмөк көрсөтөөрүн айтты.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы №385 токтомунун негизинде жалпы Талас облусу боюнча 2022-2024-жылдар аралыгында жалпы 2137 квота, анын ичинен 2 097 үй-бүлөгө берилип, калган 40 квотага арыздар кабыл алынууда. Ошондой эле, 2097 үй-бүлөгө 209 млн.700 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген.