17 апрель 2025
Кароолор: 2
Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын ачылышы өттү

2025-жылдын 17-апрелинде Талас облусунун Талас районуна караштуу Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев катышты.
Иш-чарада айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын курулушу жана анын район калкына тийгизген таасири тууралуу сөз болду. Бакыт Төрөбаев, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын калк үчүн маанилүү экендигин белгилеп, анын аймактагы административдик кызматтарды сапаттуу жана ыкчам көрсөтүүгө жардам берерин айтты.
Жаңы имараттын ачылышы Шумкар-Уя айылында жашаган калк үчүн чоң мааниге ээ. Ал эми Талас облусунун аймагындагы башка айыл өкмөттөрүндө да мындай долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын белгиледи.
Иш-чаранын соңунда Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн жаңы имаратынын сүрөттөрү жана ачылыш аземинен видеоматериалдар Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн расмий Facebook баракчасында жарыяланды.
Бул имарат жергиликтүү бийликке жана калкка ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле аймактык кызматтарды жогорку деңгээлде көрсөтүүгө өзгөчө салым кошо тургандыгы айтылды.