29 ноябрь 2024

Кароолор: 7

Сагынбеков Жышан Сагынбековичтин 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

29-ноябрь, 2024-жылы, Талас шаарындагы К. Медетбеков атындагы Талас облустук музыкалык драма театрында “Экология жылы” иш-чараларынын алкагында белгилүү биолог, биология илимдеринин кандидаты, Талас мамлекеттик университетинин доценти Сагынбеков Жышан Сагынбековичтин 85 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Эрмек Окенов, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Талас регионалдык башкармалыгынын башчысы Бекмурза Ашимов, Өзбекстандын Ташкент жана Самарканд шаарларындагы университеттердин өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстандагы бир катар жогорку окуу жайлардын илимпоздору, окутуучулары жана студенттери катышты.

Конференциянын негизги максаты — экологиялык көйгөйлөрдү коомчулукка кеңири жеткирүү, табигый ресурстарды сарамжалдуу пайдалануу идеяларын жайылтуу, айлана-чөйрөнү коргоо маданиятын жогорулатуу жана туруктуу өнүгүү концепциясын илгерилетүү болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө ар түрдүү окуу жайлардан келген илимпоздор жана коноктор экологиялык маселелерди жана алардын чечүү жолдорун чагылдырган илимий баяндамаларды окуп, талкуу жүргүзүштү. Бул конференция, бир жагынан, илим менен практиканы айкалыштырган маанилүү аянтча болсо, экинчи жагынан, экологиялык билимди өнүктүрүүгө жана кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түздү.