02 май 2025

Кароолор: 3

Россиянын элчиси Талас облусундагы билим берүү мекемелерине жардам көрсөтүп, тарыхый материалдарды тапшыруу аземине катышты

Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар маанилүү социалдык көмөк көрсөттү. Атап айтканда, элчи Бакай-Ата районундагы Тойчубек уулу Жанадил атындагы мектепке, ошондой эле Манас районундагы М. Рахманбердиев атындагы мектепке 10дон компьютер тапшырды. Бул жардам аталган билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган. Мындан сырткары, М. Рахманбердиев мектебинин сырткы оңдоп-түзөө иштерине көмөк көрсөтүү да убада кылынды. Ошондой эле иш сапардын алкагында дагы бир маанилүү иш-чара өткөрүлүп, Советтер Союзунун Баатыры Асанбек Оторбаевдин жана лейтенант Жапаркул Насыкуловдун архивдик материалдары алардын жакын туугандарына расмий түрдө тапшырылды.