20 ноябрь 2024
Кароолор: 10
ПРОКУРАТУРА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

2024-жылдын 20-ноябрында Таласта Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнү белгиленди. Ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, облустук мекеме жетекчилер жана прокуратура кызматкерлери катышышты.
Өз кезинде Талант Эдилов мамлекеттик башкаруу системасында мыйзамдуулуктун жана тартиптин сакталышын көзөмөлдөөдө прокуратура кызматкерлеринин салымы зор экенин белгилеп, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн майрам ээлерине терең ыраазычылык билдирди.
Иш-чаранын алкагында эмгек алдынкыларына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын төш белги, ардак грамоталары тапшырылды.
Белгилей кетсек, 22-ноябрь Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнү катары 2000-жылдан тарта расмий белгиленип келет. 1924-жылдын 22-ноябрында РСФСРдин Кара-Кыргыз Автоном облусунун Революциялык комитетинин Президиумунун токтому менен областтын юстиция Элдик комиссариатынын системасында 15 адамдан турган биринчи кыргыз көзөмөл органы - элдик прокуратура түзүлгөн. Ага ылайык быйыл Кыргыз Прокуратурасынын 100 жылдыгы белгиленүүдө.