11 март 2025
Кароолор: 4
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин жетекчилиги астында район акимдери, шаар мэри жана облустук мекеме жетекчилеринин катышуусу менен онлайн жыйын өттү.

Бүгүн, 11-мартта Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин жетекчилиги астында район акимдери, шаар мэри жана облустук мекеме жетекчилеринин катышуусу менен онлайн жыйын өттү.
Анда жазгы талаа иштерине даярдык көрүү, ички чарбалык каналдарды тазалоону тездетүү, кызамык оорусунун жайылышына каршы көрүлүп жаткан чараларды күчөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык имараттарды, жеке турак-жайларды камсыздандырууну көзөмөлгө алуу боюнча бир катар маселелер каралды.
Жыйындын соңунда облус башчысы Эрмат Джумаев тиешелүү мекеме жетекчилерине жана кызматтарга коюлган маселелерди өз убагында сапаттуу аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.