21 май 2024

Кароолор: 23

Президент Садыр Жапаров Талас облусунда “Бала-Саруу” ГЭСин ишке киргизди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн 21-майда Талас облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө “Бала-Саруу” ГЭСин ишке киргизди. Иш чарага КР Министрлер кабинетинин тѳрагасы Акылбек Жапаров, КР Энергетика министри Таалайбек Ибраев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев, облус башчысы Нурлан Дарданов, жергиликтүү жетекчилер, коомчулук катышты.

Бала-Саруу ГЭСиндеги негизги курулуш иштери 2023-жылдын 1-февралында башталган. Жалпы аянты 1200 м² жерди түзгѳн ГЭСте 3 гидроагрегат жайгашкан. ГЭС толук кандуу иштесе 25 мВт кубаттуулуктагы электр энергиясы ѳндүрүлѳт. Бул облустун электр энергиясына болгон 22% керектѳѳсүн камсыздайт. ГЭСтин ишке кириши менен электр энергиясына болгон тартыштык жоюлуп, аны менен катар жаңы жумуш орундары түзүлѳт. Ошол эле учурда суу сактагычтын иши жакшырып, сугат сууну сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк кеңеет.

ГЭСти ишке киргизүү аземинде сөз сүйлөп жатып, Мамлекет башчысы дээрлик 90 пайызы тоолуу өлкө болуп, кокту-колотторунан көк-кашка суулары шаркырап аккан өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздиги - кечирилгис көрүнүш деп белгиледи.

“Бала-Саруу” ГЭСи - Кыргызстандын эгемендик жылдарындагы чакан ГЭС куруу боюнча жүзөгө ашырылган алгачкы мамлекеттик долбоор экенин айтып, бул долбоор мамлекет тарабынан электр кубатын өндүрүү тармагын өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен мамлекетибиздин экономикасын өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизет деди.

“Бул ГЭСтин курулушуна катышкан мекендештерибиз зор тажрыйбага ээ, өз тармагынын жогорку квалификациялуу адистери болуп калышты. Бул биздин адистердин мындай долбоорду ишке ашырууга күчү жетээрин далилдеп турат. Мунун өзү мамлекет үчүн чоң сыймык”, - деп белгилеп, Президент бул багыттагы иштер токтоп калбай, тармактык министрликтин алдында өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча дагы көптөгөн милдеттер тураарын айтты.