30 май 2025
Кароолор: 11
Президент Бекмурза Ашимовду Бакай-Ата районунун акими кылып дайындады

Ашимов Бекмурза Маматович Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрация башчысы – акими болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров 30-майда кол койду.
2021-жылдын 22-майынан 2025-жылдын 15-майына чейин Бакай-Ата районунун акими кызматын Алгынбай Имаров аркалаган.
Жаңы акимди Бакай-Ата районунун активи менен президенттик аппараттын уюштуруу бөлүмүнүн мамлекеттик инспектору, Талас облусу боюнча куратору Илимбек Жумагулов жана президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев тааныштырды.