27 январь 2025
Кароолор: 6
ӨРТ КЫРСЫГЫНА КАБЫЛГАН ҮДТ ИМАРАТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРИЛЕТ

27-январь күнү Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов Боо-Терек айылындагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратына барды. Анда тилсиз жоого кабылган имарат боюнча ӨКМдин корутундусунун негизинде материалдык чыгымды эсептеп, мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна жөнөтүү боюнча айыл өкмөт башчыга тапшырма берди.
Бүгүнкү күндө, ҮДТнын эски имаратын калыбына келтирип, чатырын жабууга Күмүштак айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети тарабынан 30 000 сом акча каражаты бөлүндү. Мындан тышкары имарат камсыздандырылгандыктан мамлекеттик камсыздандыруу уюму тарабынан дагы төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Ал эми, ҮДТнын жаңы курулуп жаткан имараты убактылуу токтоп турат. Себеби, имараттын курулушу боюнча иш жасоочу менен сот органдарында иш каралууда.
Эске салсак, 2025-жылдын 22-январь күнү Күмүштак айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы №9 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун эски имаратынын чатырынан өрт чыгып, өрт өчүрүү бөлүмү тарабынан өчүрүлгөн.