20 февраль 2025

Кароолор: 5

ӨРНӨКТҮҮ ӨМҮР: АКЫН КЕСЕКСАРЫ ИСАКОВДУН ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫН ДАҢАЗАЛАГАН АДАБИЙ КЕЧЕ БОЛУП ӨТТҮ

20-февраль күнү Талас облустук музыкалык драма театрында эл агартуунун отличниги, Талас облусунун ардактуу атуулу жана эл сыймыгы болгон Кесексары Исаковдун 90 жаш мааракеси белгиленди. Мааракелик иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, Талас районунун акиминин биринчи орун басары Азамат Жолдошов, Шумкар-Уя айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Кыдыралиев, төрага Абдыкалык Борукеев жана айылдык кеңештин депутаттары, адабият чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Адабий кечеде Бакыт Кыдыралиев куттуктоо сөз сүйлөп, Кесексары Исаковдун агартуучу физик-математик катары өлкөгө кошкон зор эмгеги, ошондой эле акын жана жазуучу катары калк арасында абройлуу орду жөнүндө айтып, анын 90 жаш мааракесине багышталган урмат-сыйын билдирип, улуу инсанды куттуктады.

Кесексары Исаков өзүнүн чыгармачылыгында бир канча рольду аткарып, акын, журналист, агартуучу катары белгилүү болду. Анын чыгармачылыгына “Жүрөк толкуну”, “Алтын уям”, “Турмуш ыргактары”, “Сөз кадыры”, “Күүгүмдөгү ойлор”, “Келгин куштар кайтып жатат алыска” жана “Туман” сыяктуу көптөгөн эмгектер кирет. Бул чыгармачылык байлык анын көп кырдуу ишмердүүлүгүн жана коомдук ишмердигин тастыктайт.