09 октябрь 2023

Кароолор: 13

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ ЖАШ КУТКАРУУЧУЛАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КРнын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов «Жаш куткаруучулар» кароо сынагынын республикалык турунда 1-орунду алган окуучуларды кабыл алып, ѳкүлчүлүктүн ыраазычылык каты менен сыйлады. Эске сала кетсек, 5-октябрь Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнѳ карата облус аймагындагы мектеп окуучулары арасында «Жаш куткаруучулар» кароо сынагы уюштурулган. Натыйжада Талас облустук чет тилдер багытындагы лицей комплексинин окуучуларынан куралган "Бөрүлөр" командасы райондук турду жеңип, андан соң облустук турда жеңүүчү аталып, республикалык таймашка жолдомо алышкан. Республикалык турда ѳздѳрүнүн мыктылыгын кѳрсѳткѳн Таластын жаш куткаруучулары Кыргызстандын башка облустарынан келген командалардын ичинен суурулуп чыгып, 1-орунга татыктуу болушкан. Облус жетекчиси Нурлан Дарданов окуучулардын жеңиши – жалпы облустун сыймыгы экенин билдирип, аларга бекем ден соолук, кең келечек каалады.