19 апрель 2024

Кароолор: 2

Облус жетекчиси УТРКнын директорун кабыл алды

Бүгүн 19-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов Таласка иш сапары менен келген КР Улуттук телерадиокорпорациясынын башкы директору Болотбек Тиллебаев баштаган Улуттук телеканалдын жетекчилерин кабыл алды. Жолугушууда, аймактарда маалымат саясатын ишке ашырууда УТРКнын ролу, облустагы жетишилген ийгиликтерди, орун алган кѳйгѳйлѳрдү калкка жеткирүүдѳ “УТРК Талас” каналынын ишмердүүлүгү, биргелешкен байланыштар туралуу сѳз болду. Өз сѳзүндѳ Нурлан Дарданов массалык маалымат каражаттары калктын кѳз карандысыз, калыс маалыматка ээ болуусуна, коомдогу туруктуулуктун орношуна чоң таасир этээрин билдирип, тыгыз кызматташтыкта иш алпарууга даяр экенин кошумчалады.