12 апрель 2024

Кароолор: 2

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ ТАЛАС РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн 12-апрелде күндүн экинчи жарымында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Талас районунун эли менен жолугушту. Элдик жыйында жергиликтүү тургундар алгач облус башчысынын өткөн жылдагы Талас облусундагы аткарган иштери боюнча маалыматын угушту. Андан соң ага карата бир катар суроолорун беришип, жооп алышты.

Жыйында таштанды кѳйгѳйүнѳн арылуу, айылдарга таза суу киргизүү, ирригация тармагын жакшыртуу, бейтаптардын даарылануусуна болгон төлөмдөрдүн баасын тѳмѳндѳтүү, жаш балдардын ѳмүрүнѳ тобокел жараткан Талас дарыясынын жээгиндеги кооптуу жерлерди тосуп берүү суранычтары айтылды. Ошондой эле, бала бакча куруу, эскилиги жеткен жолдорду оңдоп берүү, Жер-Үй алтын кенин иштетүүдө экологиялык коопсуздукту чыңдоо, быйыл гана ишке берилген К.Нанаев атындагы орто мектебинин курулушунундагы сапатсыз иштерди текшерүүгө алуу жана башка маселелер кѳтѳрүлдү.

Облус жетекчиси жыйындын катышуучулары тарабынан берилген суроолорго жооп берүү менен, жарандар тарабынан көтөрүлгөн көйгөйлүү маселелерди дыкат текшерип, анын үстүндө максаттуу иш алпаруу тапшырмасын район акимине жана тиешелүү мекеме уюм жетекчилерине милдеттендирди.