05 февраль 2025
Кароолор: 4
ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ ТАЛАС МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

Бүгүн, 5-февралда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас медициналык колледжине барды. Анда окуу жайдын окутуучулар жамааты менен жолугушуп, медициналык колледждин учурдагы абалы менен таанышып чыкты.
Жолугушуу учурунда медициналык окуу жайдын сырткы эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу, студенттер үчүн спорттук зал куруу, окуу жайдын чек арасын тактоо, жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн колледждин алдына коопсуздук чараларын көрүү боюнча бир катар маселелер көтөрүлдү. Жыйында ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев облусту өнүктүрүү багытында жүрүп жаткан иштер боюнча маалымат берип жатып, медициналык окуу жайдын сырткы көрүнүшүн заманбап талаптарга келтирүүгө аракеттер болорун билдирди.
Талас медициналык колледжи 1955-жылы негизделгенден бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. 4 млн сомго жакын каражатка жылытуу системасы толук 100% алмаштырылып, 1 млн сомго башкы окуу корпустун биринчи кабатында оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн.
Белгилей кетсек, Талас медициналык колледжи 1955-жылы негизделген. Быйыл окуу жайдын 70 жылдыгы белгиленет. Учурда акушердик иши, медициналык айым иши, дарылоо иши, фармация багыттары боюнча 594 студент билим алууда.