22 апрель 2024
Кароолор: 13
ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ НУРЛАН ДАРДАНОВ ТАЛАС РАЙОНУНДАГЫ СЕЛ КАПТАГАН АЙЫЛДАРГА БАРДЫ

Бүгүн 22-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Талас районунун Көк-Кашат, Кара-Суу жана Ак-Жар айылдарындагы сел каптаган жерлерге барды. Туруксуз аба ырайынан улам нөшөрлөгөн жаан жаап, айылдардын ичиндеги айрым үйлөрдү сел каптаган. Облустук өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы билдирүү түшөөрү менен сел каптаган жерлерге барып, жергиликтүү тургундар менен бирге арыктарды тазалап, кеңейтип, каптаган сел суусунун нугун буруу ишин жүргүзүп баштаган.
Облус башчысы Нурлан Дарданов КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облустук башкармалыгынын жетекчиси Уларбек Тамабаевден облус аймагындагы селдин кесепетинен жабыркаган айылдар боюнча так маалымат алган соң, жарандардын коопсуздугу үчүн ыкчам иш алпарып, селдин кесепеттерин изилдеп, келтирилген зыяндарды аныктоо тапшырмасын берди. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдар дагы катталбашы үчүн алдын алуу иштерин жүргүзүүнү милдеттендирди.
Белгилеп кетсек, бүгүн Айтматов районунун Шекер айыл аймагындагы Арчагул айылында, Талас районунун Беш-Таш айыл аймагынын Көк-Кашат айылында, Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылында, ошондой эле Кеңкол айыл аймагынын Ак-Жар айылында нөшөрлөгөн жаандан улам сел пайда болуп, үйлөрдүн короолорун, айрым үйлөрдүн ичине чейин каптаган. Буга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын техникалары жана кызматкерлери тартылып, кесепеттерин жоюу иштери колго алынган.