11 апрель 2024

Кароолор: 2

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ МАНАС РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн 11-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Манас районунда болуп, андагы жергиликтүү эл менен жолугушуп, 2023-жылы облустагы аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Ошондой эле 2024-жылы аткарууга алына турган жана жыл башынан тартып жасалган иштерге токтолду.

Облус жетекчиси менен болгон жолугушууга аталган райондун акими, облустук, райондук мекеме-уюм жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты. Жыйынга катышкан район эли облус жетекчисинин маалыматын уккан соң өздөрүн түйшөлткөн айрым маселелерге токтолуп, ыйгарым укуктуу өкүлгө карата суроолорун беришти. Анда негизинен сугат суунун тартыштыгын жоюу, эскилиги жеткен жолдорду оңдоо, мектеп, бала бакча, оорукананын курулушу, облус аймагына газ алып келүү, материалдык жактан колдоо көрсөтүү жана башка багыттагы суроолор берилип, жооптор алынды. Буга байланыштуу облус башчысы Нурлан Дарданов тарабынан жарандардын көйгөй жараткан маселелерин терең талдап, аны чечүүнүнүн үстүндө иш алпаруу тапшырмасы район акимине жана тиешелүү мекеме-уюм жетекчилерине берилди.