20 апрель 2024

Кароолор: 1

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ КУРУЛУШУ ЖҮРҮП ЖАТКАН МЕКТЕПТЕРГЕ БАРДЫ

20-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Бакай-Ата районунун Миң-Булак жана Өзгөрүш айылдарындагы курулушу жүрүп жаткан мектептерди жеринен барып көрдү. Аталган мектептерде азыркы тапта жумушчулар тынымсыз иштеп, эртелетип бүткөрүү аракеттери көрүлүүдө.

Миң-Булак айылындагы 2 кабаттуу окуу имаратынын учурда ички жумуштары кызуу жүрүп жаткан чагы. 375 орундуу билим уясынын наркы 102 млн сомду түзөт. Билим ордосунун курулушуна акча каражаты мамлекеттик бюджеттен каралган.

Ал эми Өзгөрүш айылындагы мектеп 275 орунга ылайыкталган. Курулуш иштери 2022-жылы башталган. Жалпы наркы 90 млн сом. Азыркы тапта ички жумуштары 80%га аяктап калган учуру.