12 апрель 2024

Кароолор: 2

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ БАКАЙ-АТА РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн 12-апрелде КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Бакай-Ата районунун эли менен жолугушуп, 2023-жылы облус аймагында аткарылган иштер боюнча маалымат берди. Ошондой эле 2024-жылга карата пландалган иш аракеттер жана жыл башынан тартып жасалган иштерге токтолду.

Облус башчысынын маалыматынан кийин жергиликтүү тургундар өз суроолорун беришип, көйгөй жараткан маселелерин көтөрүштү. Анда негизинен мектеп, бала бакча, парк куруу, эскирген жолдорду оңдоо, БСР салуу, таза суу киргизүү, “Кичи-Капка” көзөмөл өткөрмө постун ишке киргизүү, мөмө жемиш кургатуучу пункт ачуу сунуштары менен кайрылышты. Ошондой эле, райондук мекеме уюмдардагы коррупциялык иштерди көзөмөлдөө, малчылардын ишине кедерги тийгизген карышкырларга мергенчилик кылуу, жайыт маселесин чечип берүү, турак жай курууга жер тилкесин бѳлүп берүү жана башка ѳтүнүчтѳрү да айтылды.

Элдик жыйындын катышуучуларынын көйгөйлөрүн уккан Нурлан Дарданов район акимине жана тиешелүү мекеме уюм жетекчилерине эл тарабынан айтылган маселелерге олуттуу көңүл буруп, натыйжалуу иш алпаруу тапшырмасын берди. Бул боюнча ѳзү жеке көзөмөлгө алып, жыйынтык болбосо жооптуу кызматкерлерге чара көрүлөөрүн билдирди.