08 май 2024

Кароолор: 1

ОБЛУС ЖЕТЕКЧИСИ АР КАНДАЙ МАСЕЛЕ МЕНЕН КАЙРЫЛГАН ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн 8-майда КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов ар кандай маселе менен кайрылган жарандарды кабыл алды. Бүгүнкү кабыл алууда жарандар Талас шаарындагы кѳп кабаттуу турак үйдү Талас шаардык жылуулук борборуна кошуп берүү, Улуттук “Манас Ордо” комплексин кѳрктѳндүрүү максатында сунушталган долбоорду колдоого алуу, айыл ѳкмѳттүн ардактуу атуулу наамын алууга кѳмѳк кѳрсѳтүү, Талас шаарына курулуучу ипотекалык үйлѳргѳ кезекке турууда жардам берүү суранычтары менен кайрылышты. Муну менен катар июнь айында Ысык-Кѳл облусунда ѳтүүчү “Ааламдык ак бата” руханий форумуна Таластан бара турган ѳкүлдѳрдүн барып-келүү чыгымдарына акча каражатынан кѳмѳк кѳрсѳтүү, айыл чарбасын ѳнүктүрүүгѳ багытталган долбоорлорду колдоого алуу жана жумушка орноштуруу суранычтары менен да кайрылышты.

Жарандардын кайрылууларын уккан облус башчысы Нурлан Дарданов, кѳтѳрүлгѳн кѳйгѳйлѳр боюнча мыйзам чегинде аракеттер кѳрүлѳѳрүн билдирип, тиешелүү кызматкерлерге тапшырмаларды берди.

Белгилеп кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Нурлан Дарданов жуманын ар шаршемби күндѳрү саат 15:00дѳ ар кандай суроо менен кайрылган жарандарды кабыл алып келет.