20 февраль 2024

Кароолор: 1

Облус башчысынын орун басары Мира Сейдикеримова Талас облусунун аймагындагы жайгашкан фельдшердик-акушердик пункттардын, үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун алгачкы медициналык-санитардык жардам берүү бөлүмдөрүнө мониторинг жүргүзүү ишин баштады.

20-февралда комиссия тобу Бакай-Ата жалпы дарыгерлик практикалык борборунун №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, №6 Өзгөрүш айылындагы үй бүлөлүк дарыгерлер тобунда бейтаптарды санарип каттоо, электрондук рецепт жазуу, аптечкалардагы дары-дармектердин жетимдүүлүгү, патронаждык мээрмандардын иши, “Жооптуу бол” акциясынын алкагында жасалган иштер боюнча текшерип чыгышты.

Текшерүү учурунда айрым кемчиликтер аныкталды. Айтсак, №5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда бейтапка алгачкы жардам көрсөтүүдө эң зарыл болгон аптечкада дары-дармектер жетишсиз. Ал эми №6 Өзгөрүш үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери кайрылган жарандарды электрондук каттоого убагында түшүрбөй, кечкисин катташат, себеби интернет байланышы начар болгондуктан көп убакытты талап кылат.