23 декабрь 2024

Кароолор: 5

ОБЛУС БАШЧЫСЫНЫН БАЛДАРГА АРНАЛГАН БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТТҮ

Бүгүн КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин балаты майрамына 350 бала чакырылып, жаңы жылдык белектер тапшырылды.

Ага 6 жаштан 12 жашка чейинки окуунун отличниктери, активисттер, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, жетим, жарым жетим, турмуштук оор кырдаалда калган балдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, революция баатырларынын жана көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдары катышты.

Майрамдык иш-чарада ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Талантбек Эдилов балдарды кирип келе жаткан жаңы жылы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бактылуу балалык, кең келечек, окуудагы жетишкендиктерди каалады.

Облус башчысынын балатысына чакырылган майрам ээлерине Альянс Алтын компаниясы тарабынан даярдалган белектер тапшырылып,

иш-чара жомок каармандарынын катышуусунда концерттик программа менен коштолду.