15 апрель 2025
Кароолор: 2
Облус башчысы Таласта курула турган жаңы базар жана автобекеттин жайгашуу жерлери менен таанышты

2025-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас шаарынын жаңы борбордук базары жана автобекетинин курулушуна каралган жер тилкелери менен жеринен таанышты. Иш-чарага Талас шаарынын мэри, шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.
Жаңы курулуштардын жайгашуусу шаардын четинде белгиленген, бул шаардын борборун иретке келтирүү жана жашоочулар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү максатын көздөйт. Эски базар шаардын борборунда жайгашып, уюшпаган соода, унаа тыгыны жана санитардык талаптардын бузулушу сыяктуу көйгөйлөрдү жаратып келген. Жаңы базар жана автобекеттин курулушу бул көйгөйлөрдү чечүүгө багытталууда.
Жолугушууда облус башчысы жаңы курулуштардын долбоордук пландоолорун карап чыгып, жер тилкелерди иретке келтирүү жана курулуш иштерин сапаттуу жана өз убагында жүргүзүү боюнча жооптуу тараптарга конкреттүү тапшырмаларды берди.
Эрмат Джумаев белгилегендей, жаңы базар жана автобекеттин курулушу Талас шаарынын инфраструктурасын жакшыртууга, экономикалык өнүгүүсүнө жана калк үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чоң салым кошот.