30 апрель 2025
Кароолор: 2
Облус башчысы Талас мамлекеттик университетиндеги шарттар менен таанышып, оңдоп-түзөө иштерин талкуулады

Талас мамлекеттик университетинин имараттары эскирип, заманбап талаптарга жооп бербей калгандыгына байланыштуу, облус башчысы окуу корпустарын жеринен көрүп чыкты. Жыйынтыгында учурдагы имараттарды капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү, билим берүү сапатын жакшыртуу жана университеттин материалдык-техникалык базасын чыңдоо маселелери боюнча университеттин жетекчилиги жана окутуучулары менен биргеликте жыйын өткөрүлдү.