09 сентябрь 2024

Кароолор: 10

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ШУМКАР-УЯ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев Шумкар-Уя айыл аймагындагы Байдылда Сарногоев атындагы маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушуу жыйын суроо-жооп иретинде ѳттү. Анда элеттиктер жер, сугат суу маселери, жолдордун абалы, мектеп, бала бакча, көпүрө куруу көйгөйлөрү, саламаттыкты сактоо ж.б. курулуш объектилери боюнча берилген суроолорго облус башчысынан жооп алышты.

Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл айтылган көйгөйлөр боюнча тийиштүү кызмат жетекчилерине кырдаалды чечүү тапшырмасын берди. Буга кошумча жергиликтүү жашоочулардын айрым маселелери боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, облус бийлиги тарабынан колдоо болорун билдирди.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар облус башчысы Эрмат Джумаевдин катышуусунда белгиленген график боюнча Талас облусунун бардык айыл аймактарында өткөрүлөт.