07 ноябрь 2024

Кароолор: 7

ОБЛУС БАШЧЫСЫ МААЛЫМАТ ЖАНА БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮН КУТТУКТАДЫ

7-ноябрь күну, КР маалымат жана басма сөз күнүнѳ карата КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн аппаратынын жыйын залында “Таластагы массалык маалымат каражаттарынын абалы, андагы орчундуу маселелер» аталышында жолугушуу жыйыны өттү.

Ага КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев, Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов Таластагы ММК тармагына тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, жергиликтүү ММКнын жетекчилери жана облус аймагында эмгектенген жалпы журналистика тармагынын ѳкүлдѳрү катышышты.

Жолугушууда Таластагы массалык маалымат каражаттарынын абалы, андагы орчундуу маселелерди талкуулоо, аларды чечүүчү жолдорун сунуштоо боюнча дасыккан, тажрыйбалуу журналисттер баяндама жасашты.

Иш-чаранын жүрүшүндө облус башчысы Эрмат Джумаев журналистика тармагынын ѳкүлдѳрүн кесиптик майрамы менен куттуктап, маалыматтык технологиянын өнүккөн мезгилинде коомубузду массалык маалымат каражаттарынан бөлүп кароо мүмкүн эместигин белгилеп, майрам ээлерине жогорку чыгармачыл дарамет, бекем ден соолук, иштерине зор ийгиликтерди каалады. Кѳп жылдык үзүрлүү эмгектери жана кыргыз журналистикасынын өсүп өнүгүүсүнө кошкон зор салымы үчүн эмгек алдынкыларына төш белги, ардак грамота, ыраазычылык каттарды тапшырды.