29 август 2024
Кароолор: 9
ОБЛУС БАШЧЫСЫ КЫРГЫЗСТАН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев Кыргызстан айыл аймагындагы Май айылдык маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушуу жыйын суроо-жооп иретинде ѳтүп, анда айыл тургундарынын суроолоруна райондук, облустук жетекчилер жооп беришти. Негизги кѳйгѳй катары айылдардагы электр жарыгынын жетишсиздиги, жарыктандыруу маселеси айтылып, бул боюнча иштерди облус башчы Эрмат Джумаев ѳз кѳзѳмѳлүнѳ аларын билдирди.
Ошондой эле элеттиктер жер, сугат суу маселери, жолдордун абалы, мектеп, бала бакча көйгөйлөрү, саламаттыкты сактоо, логистикалык борбор ачуу ж.б. курулуш объектилери боюнча берилген суроолорго облус башчысынан жооп алышты.
Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл айтылган көйгөйлөр боюнча тийиштүү кызмат жетекчилерине кырдаалды чечүү тапшырмасын берди. Буга кошумча жергиликтүү жашоочулардын айрым маселелери боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, облус бийлиги тарабынан колдоо болорун билдирди.
Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар облус башчысы Эрмат Джумаевдин катышуусунда белгиленген график боюнча Талас облусунун бардык айыл аймактарында өткөрүлөт.