06 сентябрь 2024

Кароолор: 12

ОБЛУС БАШЧЫСЫ КҮМҮШТАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев Күмүштак айыл аймагындагы Чубак Сатаев атындагы маданият үйүндө жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Жолугушуу жыйын суроо-жооп иретинде ѳтүп, анда айыл тургундарынын суроолоруна райондук, облустук жетекчилер жооп беришти. Негизги кѳйгѳй катары төрт жылдан ашык убакыттан бери токтоп турган оорукананын курулушу, Суусамыр - Талас - Тараз жолун оңдоо, табигый газ маселеси, мектептердеги китеп жетишсиздиги, Боо-Терек айылындагы түнкү жарыктандыруу маселеси, элеттиктерди тез жардам унаасы менен камсыздап берүү боюнча көйгөйлөр айтылып, бул боюнча иштерди облус башчы Эрмат Джумаев ѳз кѳзѳмѳлүнѳ аларын билдирди. Айрым маселелер жеринде ыкчам чечилди. Буга кошумча элеттиктер жер, сугат суу маселери, жолдордун абалы, мектеп, бала бакча, көпүрө куруу көйгөйлөрү, саламаттыкты сактоо ж.б. курулуш объектилери боюнча берилген суроолорго облус башчысынан жооп алышты.

Жыйынтыгында ыйгарым укуктуу өкүл айтылган көйгөйлөр боюнча тийиштүү кызмат жетекчилерине кырдаалды чечүү тапшырмасын берди. Буга кошумча жергиликтүү жашоочулардын айрым маселелери боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынып, облус бийлиги тарабынан колдоо болорун билдирди.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар облус башчысы Эрмат Джумаевдин катышуусунда белгиленген график боюнча Талас облусунун бардык айыл аймактарында өткөрүлүүдө.