11 сентябрь 2024

Кароолор: 10

ОБЛУС БАШЧЫСЫ КЕҢ-КОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ СОЦОБЪЕКТИЛЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Кең-Кол айыл аймагындагы Жон-Арык, Кѳк-Токой, Ак-Жар, Таш-Арык, Орто-Арык, Сары-Булак, Нылды жана Кѳк-Ой айылдарында болуп, андагы соцобъектилердин кѳйгѳйлүү маселелери менен таанышып чыкты.

Жыйынтыгында айтылган кѳйгѳйлѳрдүн негизинде тийиштүү чечимдер кабыл алынып, айрым маселелер жеринде чечилди. Иш сапардын соңунда облус башчысы Эрмат Джумаев Кең-Кол айыл аймагынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууда элеттиктер жер, сугат суу маселери, жол, электр жарыгы, мектеп, жол коопсуздугун камсыздоо, бала бакча, саламаттыкты сактоо ж.б. курулуш объектилери боюнча берилген суроолорго облус башчысынан жооп алышты.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар облус башчысы Эрмат Джумаевдин катышуусунда белгиленген график боюнча Талас облусунун бардык айыл аймактарында өткөрүлдү.