09 сентябрь 2024

Кароолор: 10

Облус башчысы Каракол айыл аймагынын жашоочулары менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Каракол айыл аймагынын жергиликтүү тургундары менен жолугушту. Жыйын суроо-жооп форматында өтүп, анда айыл тургундарынын көтөргөн маселелерине райондук жана облустук жетекчилер жооп беришти.

Негизги көйгөйлөр катары Көпүрө-Базар айылындагы тез жардам кызматын боюнча маселени чечүү, бала бакчага кошумча имарат куруу, маданият үйүн капиталдык оңдоодон өткөрүү, Арал айылындагы бала бакчага 50 орундуу кошумча корпус куруу, К.Нанаев атындагы Арал орто мектебинин ремонт иштери жана жылуулук системасы, Төш-Булак айылындагы лотковый канал, Кууганды айылындагы К.Каимов атындагы орто мектебинин парта жана отургучтарын жаңыртуу, БСР, ГСВ №10 төрөткана, Таштаналы көчөсүн ичүүчү суу менен камсыздоо, Чат-Базар айылындагы жол маселеси жана маршруттук каттамдардын жоктугу айтылды. Облус башчысы Эрмат Джумаев бул маселелерди өз көзөмөлүнө алаарын билдирди, ал эми кээ бир көйгөйлөр жеринде тез арада чечилди.

Мындан сырткары, айыл тургундары жер, сугат суу, жолдордун абалы, мектеп жана бала бакчалар, көпүрө куруу жана саламаттыкты сактоо объектилери боюнча суроолорду берип, тиешелүү жоопторду алышты.

Жыйынтыгында облус башчысы тийиштүү кызмат жетекчилерине маселелерди чечүү боюнча тапшырмалар берилип, облустук бийлик тарабынан керектүү колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Белгилей кетсек, мындай жолугушуулар облус башчысы Эрмат Джумаевдин катышуусунда Талас облусунун бардык айыл аймактарында өткөрүлүүдө.