14 август 2024
Кароолор: 23
ОБЛУС БАШЧЫСЫ КАЙНАР АЙЫЛЫНЫН КѲЙГѲЙЛҮҮ МАСЕЛЕЛЕРИНЕН КАБАР АЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев элет жериндеги көйгөйлөрдөн кабар алуу үчүн алыскы Кайнар айылына барып, Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинин жана жаңыдан курулуп ишке берилген “Насип” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин муктаждыктарын көрдү.
Буга кошумча айылдын маданият үйү менен биргеликте айылдык китепкананын абалы менен жеринде таанышты. Ошондой эле элеттиктерге медициналык кызмат көрсөткөн Кайнар айылдык фельдшердик акушердик пункту менен спортчулар машыккан штанга залынын учурдагы абалы менен таанышып чыкты. Жыйынтыгында маселе жараткан көйгөйлөр боюнча иш алып барууну тийиштүү кызматтарга милдеттендирди.
#талас
#кыргызстан
#окулчулук