03 апрель 2025

Кароолор: 7

Облус башчысы Эрмат Джумаевдин тапшырмасына ылайык, Манас районунда жазгы сугат өнөктүгүнө даярдыктар кызуу жүрүүдө.

Талас облусунун Манас районунда жазгы сугат өнөктүгүнө даярдык кызуу жүрүп суу топтоочу көлмөлөр тазаланууда. Аталган жумуштар Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаевдин колдоосу менен жүргүзүлүүдө.

Союздан бери пайдаланылып келаткан суу топтоочу көлмөлөрдү (БСР) тазалоого 15 техника тартылган . Иш бүтсө 1300 гектар жерди кенен сугарууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Аталган жумуштарды сапаттуу кылып бүтүрүүнү Эрмат Джумаев эскертип, жазгы сугатка даярдыкты күчөтүү тапшырмасын берди .