29 август 2024
Кароолор: 19
Облус башчысы Эрмат Джумаев Манас районундагы элеттиктер менен жолугушуп, андагы көйгөйлөрдөн кабар алды.

Облус башчысы Эрмат Джумаев Манас районундагы элеттиктер менен жолугушуп, андагы көйгөйлөрдөн кабар алды. Алгач Кыргызстан айыл өкмөтүнө караштуу Новодонецк айылындагы элеттиктерге медициналык кызмат көрсөткөн фельдшердик-акушердик пунктка барып, андагы көйгөйлөр менен таанышты. Аталган айылдагы ФАП эскилиги жеткендигине байланыштуу облус башчысы жаңы ФАП куруп берүү демилгесин көтөрдү. Андан соң ыйгарым укуктуу ѳкүл Май айылындагы Б. Сагындыков атындагы балдар бакчасы жана курулушу аяктоо алдында турган айылдагы спортзалдын имараты менен таанышып чыкты. Жогоруда аталган бала бакчанын негизги муктаждыктары катары азем залынын жана балдар ойноочу аянтчанын жоктугу айтылды.
Облус жетекчиси Эрмат Джумаев 311 орундуу Шабданбек Кочкорбаев атындагы орто мектептин жаңы окуу жылына карата даярдыгы менен таанышып чыкты. Аталган мектептин ашканасы тар болгондуктан окуучуларга ыңгайлуу шартта билим алуусу үчүн тийиштүү жетекчиликке мектеп ашканасын кеңейтүү тапшырмасы берилди. Буга кошумча айылдагы жаңы курулуп жаткан 150 орундуу Б. Узенов атындагы орто мектептин курулушу менен жеринде таанышып, андагы аткарылып жаткан иштердин сапатына жана курулуштун мөөнөтүндө аяктоого өзгөчө көңүл буруу керектигин баса белгиледи. Белгилей кетсек, Б. Узенов атындагы орто мектептин эски имараты жарандык коргоо комиссиясы тарабынан авариялык абалда деп табылган.
Иш сапардын жүрүшүндѳ облус башчы Кыргызстан айыл өкмөтүнүн Манас айылындагы 65 орундуу Сатыбалды кызы Байыскан атындагы бала бакчанын ачылыш аземине катышты. Эрмат Джумаев ачылыш аземде куттуктоо сөз сүйлөп, жергиликтүү айыл тургундарын жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, өз сөзүндө келечек ээлери болгон балдар үчүн шарт түзүп колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди.
Күндүн экинчи жарымында ыйгарым укуктуу ѳкүл Эрмат Джумаев Кичи-Капка ѳткѳрмѳ пунктуна барып, андагы ѳздүк курам менен таанышты. Буга кошумча кѳп жылдан бери каралбай калган Кичи-Капка БСРдеги жана Кыдыралы каналындагы кѳйгѳйлүү маселелерди жеринен кѳрүп, сугат суу маселесин чечүү үчүн алдыда аткарылуучу иштер боюнча суу чарба кызматынын жетекчилерине тапшырмалар берилди.
Облус башчысы Эрмат Джумаев Талас айылындагы 1964-жылы курулган 320 орундуу Н. Цыренин атындагы орто мектебинин ошондой эле кѳп жылдан бери кароосуз калган маданият үйүнүн учурдагы абалы менен таанышып чыгып, тийиштүү жетекчиликке маданият үйүнүн иш-кагаздарын тактоо, баланска өткөрүү, кайрадан ишке киргизүү боюнча тапшырмалар берилди .
Андан соң облус башчы 10 миң калкка медициналык кызмат кѳрсѳткѳн Талас айылдык №5 үй-бүлѳлүк дарыгерлер тобуна барып, андагы кѳйгѳйлѳрдѳн кабар алды. Анда таза суу тартып келүү, имаратты саркынды суу түтүгүнѳ кошуу жана эскилиги жеткен чатырын алмаштыруу боюнча маселелер кѳтѳрүлдү. Бул боюнча ушул жылдын сентябрь айынын ичинде таза суу менен камсыздоо тапшырмасы айыл өкмөт башчысына берилди.
Ыйгарым укуктуу ѳкүл 140 орундуу “Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемеси жана 110 орундуу жаңы ачылган “Ак Шоола” балдар бакчасын кѳрүп чыкты. Буга кошумча авариялык абалдагы С. Дүйшембиев атындагы орто мектептин жана №51 кесиптик лицейдин имараттарынын учурдагы абалы менен таанышып чыкты. Жыйынтыгында бул боюнча жеринде сүйлѳшүүлѳр жүргүзүлүп, билим берүү мекемелеринин муктаждыктарын чечүү боюнча аракеттер болорун билдирди.