04 февраль 2025

Кароолор: 5

ОБЛУС БАШЧЫСЫ ЭРМАТ ДЖУМАЕВ ЭЛЕТТИКТЕРДИН КӨЙГӨЙҮН УКТУ

Бүгүн, 4-февралда ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев иш сапары менен Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылына барды. Анда айыл аксакалдары менен жолугушуп, элеттиктердин көйгөйлөрүн укту.

Жолугушууда айыл тургундары облус башчыга айыл аймактагы жер тилкелери, жайыт боюнча бир канча көйгөйлүү маселелери менен кайрылышты. Бул боюнча буга чейин ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык атайын комиссия түзүлүп, тийиштүү иш аракеттер жүргүзүлгөн. Жолугушуу учурунда комиссия тарабынан жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берилип, жергиликтүү жашоочуларга комиссиянын чечими тааныштырылды. Облус жетекчиси Эрмат Джумаев жарандардын жер, жайыт маселелери боюнча суроо-кайрылууларына жооп берип жатып, аталган маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн жаз айларынан тарта жер тилкелерге инвентаризациялоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Ал боюнча Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимге, айыл өкмөт башчыга жана райондук “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин жетекчилигине тийиштүү тапшырмалар берилди.

Буга улай облус башчысы Эрмат Джумаев айыл аймактагы айылдык, райондук деңгээлде чечилбей жаткан бир катар маселелер боюнча жергиликтүү тургундардын үнүн угуп, айтылган көйгөйлөр менен жеринен таанышып чыкты.