09 сентябрь 2024

Кароолор: 10

ОБЛУС БАШЧЫСЫ БЕШ-ТАШ АЙЫЛ АЙМАГЫНДАГЫ СОЦОБЪЕКТИЛЕРДИН АБАЛЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫ

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев Талас районунун Беш-Таш айыл аймагындагы соцобъектилердин абалы менен таанышып чыкты. Алгач Көк-Кашат айылындагы 375 орундуу А. Огомбаев атындагы орто мектептин көйгөйлөрүн жеринде көрдү. Анда мектептин жылытуу системасы, иш кагаздары жана айланасын тосуу маселелери айтылды. Бул айылда мектепке чейинки билим берүү мекемеси жок болгондуктан облус башчыга бала бакча курула турган жер көрсөтүлдү. Облустук жана райондук өнүктүрүү фонддорунун колдоосу менен мында 120 орундуу бала бакча куруу пландалууда. Бүгүнкү күндө долбоордук иш кагаздары даярдалып жатат. Буга кошумча облус жетекчисине айылдагы 1777 калкка медициналык кызмат көрсөткөн ФАПтын учурдагы абалы көрсөтүлдү. Бул боюнча жаңы имарат куруу демилгеленди. Ыйгарым укуктуу өкүл айылдагы негизги көйгөйлүү маселелердин бири болгон ГЭС каналынын абалы менен жеринен таанышты. Себеби быйылкы жылда 2 ирет каналда суу ашып турак үйлөрдү каптап жергиликтүү тургундарга зыян келтирген. ГЭС каналын тазалоо, калыбына келтирүү үчүн тийиштүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Андан соң облус башчы Кызыл Туу айылындагы 374 орундуу мектепке барып, андагы ашкана, спорттук зал, азем залынын жана жылуулук системасынын абалы менен таанышты. Жыйынтыгында мектепти капиталдык оңдоого сунуштоо чечими кабыл алынды. Ошондой эле айылдагы 3147 калктын саламаттыгына кам көргөн №11 Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен таанышып чыкты. Буга чейин айыл өкмөттүн имараты менен ҮДТ бир имаратта жайгашкандыктан УДТга жаңы имарат куруу сунушу айтылды.

Андан кийин облус жетекчиси Атай Огонбаев айылындагы 500 орундуу жаңы мектептин курулушу менен таанышып чыкты. Бул боюнча курулушчуларга сапаттуу жана мөөнөтүндө бүткөрүү боюнча тапшырмалар коюлду. Аталган мектептин курулушун 2025-жылдын 1-сентябрына карата аяктоо пландалууда. Буга кошумча айылдагы 50 орундуу "Айгөлөк" балдар бакчасы тааныштырылды. Мындагы башкы көйгөй катары бала бакчанын короосун жабуу, очоккана жана кампа салып берүү өтүнүчтөрү айтылды. Айылдагы дагы бир олуттуу көйгөй делген таза суу маселеси козголду. Бул боюнча облус башчысы Эрмат Джумаев Чоң-Жергетал өзөнүнө барып таза суу тартыштыгынын себептерин жеринен көрүп келди.

Иш сапардын алкагында облус башчысы Калба айылындагы 191 орундуу мектептин көйгөйлөрүнөн кабар алды. Ошондой эле жаңы курулуп жаткан 75 орундуу бакчанын курулушу менен таанышты. Буга кошумча айылдагы 1562 калкка кызмат кылган ФАП тын негизи маселелерин көрүп чыкты. Андан соң облус башчысы Эрке сары (Чыйырчык) айылына барды. Жергиликтүү жашоочулар кошумча окуу классын ачып берүү, окуучулар үчүн маршурттук каттам уюштуруп берүү жана айылга келүүчү жолду оңдоп берүү боюнча маселелер менен кайрылышты.

Жыйынтыгында Беш-Таш айыл аймагындагы көйгөйлөрдүн негизинде тийиштүү чечимдер кабыл алынып, бул боюнча иш алып барууну облус башчысы Эрмат Джумаев өз көзөмөлүнө аларын билдирди.