13 август 2024
Кароолор: 34
ОБЛУС БАШЧЫСЫ АЛЫСКЫ АРЧАГУЛ АЙЫЛЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨР МЕНЕН ЖЕРИНДЕ ТААНЫШТЫ

Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев элет жериндеги көйгөйлөрдөн кабар алуу максатында Арчагул айылында болду. Анда облус башчысы тарабынан “Арча Бешик” балдар бакчасына кошумча корпус куруу, имаратты оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча тийиштүү тапшырмалар берилди. Буга кошумча ыйгарым укуктуу өкүл Дүйшөн атындагы орто мектебинин жана калк саламаттыгына кам көргөн Арчагул фельдшердик акушердик пунктунун көйгөйлүү маселелери менен таанышып чыкты. Натыйжада көйгөйлөрдү жөнгө салуу боюнча аракеттер болорун билдирип, тийиштүү кызматтарга бир катар тапшырмалар берилди.