11 апрель 2024

Кароолор: 1

ОБЛУС БАШЧЫСЫ АЙТМАТОВ РАЙОНУНУН ЭЛИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн 11-апрелде күндүн экинчи жарымында КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Айтматов районунун эли менен жолугушту. Анда облус башчысы тарабынан 2023-жылдагы Талас облусунун социалдык экономикалык өнүгүүсүндөгү жетишилген ийгиликтер жана 2024-жылы аткарыла турган иштер боюнча маалымат берилди. Облус жетекчисинин берген маалыматынан соң элдик жыйындын жүрүшү суроо-жооп иретинде улантылды. Жергиликтүү жарандар Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дардановго ошондой эле мекеме-уюм жетекчилерине бир катар суроолорду беришип, жоопторду алышты.

Узатылган суроолор негизинен сүткө болгон бааны турукташтыруу, таштанды маселесин жөнгө салуу, район борборуна ипотекалык үйлөрдү куруу, талаш жер маселесин чечип берүү, эскирген транспорт жолдорун жаңыртуу, БСР, БДРлерди куруу көйгөйлөрү боюнча болду.

Жарандардын сунуш-пикирин, суранычын уккан облус башчысы Нурлан Дарданов айтылган маселелерди жөнгө салуу багытында иш жүргүзүүнү тиешелүү мекеме-уюм жетекчилерине милдеттендирип, контролго алынаарын жана бул көйгөйлөрдү чечүү боюнча иш-аракеттер көрүлөөрүн билдирди.