07 август 2024

Кароолор: 20

ОБЛУС БАШЧЫ ЭРМАТ ДЖУМАЕВ ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Бүгүн, 7-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас  облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлү Эрмат Джумаев жарандарды жеке  маселелери боюнча  кабыл алды.  

Кабыл алууда облус башчы Эрмат Джумаев ар бир  жарандын көйгөйлөрүнөн кабар алып суроолорун укту. Анда жарандар облус башчысына талаштуу жер маселеси, ипотекалык үйлѳргѳ кезекке туруу жолдору,  ишкерлерди колдоо, облус аймагында туризмди ѳнүктүрүү  ж.б. ар кандай кѳйгѳйлүү  маселелер боюнча кайрылышты.

Натыйжада облус башчы тарабынан жарандардын бардык кайрылууларына жооптор берилди. Облус башчы ар бир айтылган маселе боюнча чечүү жолдорун  айтып, кайрылуулардын негизинде жакынкы күндѳрдѳ тийиштүү аракеттер болорун билдирди.

Белгилей кетсек, ар шаршемби 14:00 – 18:00 саат аралыгында облус башчы Эрмат Джумаев жарандарды ар кандай кѳйгѳйлѳрү боюнча кабыл алат. Буга кошумча жарандар ар жуманын бейшемби күндѳрү 14:00 – 18:00 саат аралыгында ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн биринчи орун басары Талант Эдиловго, ал эми жума күндѳрү 14:00 – 18:00 саат аралыгында ыйгарым укуктуу ѳкүлдүн орун басары Мира Сейдикеримовага    тийиштүү маселелери менен  кайрыла алат.