11 декабрь 2024

Кароолор: 10

ОБЛУС БАШЧЫ ЭРМАТ ДЖУМАЕВ ШЕКЕР АЙЫЛЫНДАГЫ КӨЙГӨЙЛӨРДӨН КАБАР АЛДЫ

2024-жылдын 10-декабрында ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаев иш сапары менен Шекер айыл аймагына барды. Анда айыл аксакалдары, жергиликтүү айылдык кеңештин депутаттары менен жолугушуп, элеттиктердин көйгөйлөрүн укту.

Жолугушууда айыл тургундары “Чыңгыз Ордо” комплексинин курулуш иштери боюнча бир катар суроолорун узатышты. Облус башчы Эрмат Джумаев жарандардын суроо-кайрылууларына жооп берип жатып, бүгүнкү күндө аталган тарыхый-маданий мемориалдык комплекстин концепциясын жакшыртуу багытында аракетке бай иштер жүрүп жатканына токтолду. Атап айтканда комплекстин туристик потенциалын жогорулатуу максатында эскиздик долбоор заман талабына ылайык өзгөртүлүп, жаңы стилде бардык шарттары менен салынарын билдирди. Ошондой эле улут сыймыгы Ч. Айтматовдун 100 жылдыгына карата аталган маданий комплекстин курулуш иштери аяктап, пайдаланууга берилерин кошумчалады.

Буга улай облус башчы Эрмат Джумаев айыл аймактагы айылдык, райондук деңгээлде чечилбей жаткан бир катар маселелер боюнча жергиликтүү тургундардын үнүн угуп, айтылган көйгөйлөр менен жеринен таанышып чыкты.