06 август 2024

Кароолор: 25

ОБЛУС БАШЧЫ ЭРМАТ ДЖУМАЕВ РАЙОН БАШЧЫЛАРЫ, ОБЛУСТУК МЕКЕМЕ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Бүгүн, 6-августта КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев акимдер, Талас шаарынын вице-мэри,  облустук мекеме жетекчилери менен жолугушту. Мындай иш-чара район акимдеринин, облустук мекеме жетекчилеринин  жалпы ишмердүүлүгү менен таанышуу жана көйгөйлүү маселелеринен кабар алуу максатында уюштурулду.

Жолугушуу жыйынында облус башчы Эрмат Джумаев Талас облусун өнүктүрүүгө багытталган  өзүнүн демилгелүү сунуштары менен бөлүшүп,  жетекчилерди жоопкерчилик менен жигердүү иш алып барууга, тапшырылган милдеттерди өз убагында кынтыксыз так аткарууга  чакырды. Буга кошумча облус башчы тарабынан  мүчүлүштүктөрдү жоюу, көйгөйлүү маселелерди жөнгө салуу боюнча район башчыларына,  мекеме жетекчилерине бир катар тапшырмалар берилди.