09 сентябрь 2024
Кароолор: 12
ОБЛУС БАШЧЫ 116 ЭНЕГЕ МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

8-сентябрь күнү, Талас облусунун ар аймагынан келген 116 эне мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Анын ичинде 53 эне “Баатыр эне” ордени менен, 63 эне “Эне даңкы” медалы менен ардакталды. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев жана Талас шаарынын мэри Байышбек Астанакулов энелерге ыраазычылык билдиришти.
Бул аземди облус башчы Эрмат Джумаев куттуктоо сөзү менен ачып, энелердин өлкөгө кошкон зор салымы жана үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоодогу мааниси баса белгиленди. Энелер үчүн ак дасторкон жайылып, иш-чара ыр-бий менен коштолду.
Белгилей кетсек, 6 баладан жогору балалуу энелер “Эне даңкы” медалына, ал эми 7 жана андан көп балалуу энелер “Баатыр эне” ордени менен сыйланышат. Иш-чаранын соңунда салттуу ак бата менен жыйынтыкталды.