22 февраль 2025

Кароолор: 5

НЕКРОЛОГ - Мүнүр Мамбеталиев

2025-жылдын 22-февралында кыргыз коомчулугу оор жоготууга учурады. Бүгүн, Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин Талас облустук кеңешинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Мүнүр Мамбеталиев 95 жаш курагында акка моюн сунду.

Мүнүр Мамбеталиев, 1930-жылы Талас районуна караштуу Кара-Ой (Таш-Дөбө) айылында төрөлгөн. 1947-жылы Талас районундагы Көк-Арык мектебинде 9-классты бүтүрүп, андан соң Бакай-Ата (Ленинполь) районундагы Чалдовар мектеп – интернатында окуусун уланткан. 1946-жылы 10-классты аяктап, 1949-жылы Бишкек (Фрунзе) шаарындагы мугалимдер институтуна тапшырып, институтту 1951-жылы аяктаган.

Эмгек жолу:

1951-жылы Мүнүр Мамбеталиев өз эмгек жолун Талас районундагы Асанбек Оторбаев (Буденный) орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.

1952-1957-жылдары Буденный райондук комсомолдук комитеттин биринчи катчысы;

1957-1958-жылдары райондук коммунисттик партиянын комитетинде пропаганда жана агитация бөлүмү;

1958-1959-жылдары Талас райкомунда Жогорку кызматта иштеген.

Мүнүр Мамбеталиев 1959-жылы КПССтин Алма-Атадагы Жогорку партиялык мектебине жөнөтүлгөн. Аталган мектепти 1963-жылы ийгиликтүү бүткөн соң партиянын Талас райкомунда партиялык иштерди уюштуруу бөлүмүндө иштеп, 1964-жылы партиянын Киров райкомунда жардамчы катчы, партиялык иштерди уюштуруу бөлүм башчысы болуп эмгектенген. 1976-1986-жылдары райондук чарбалык иштер;

1986-1991-жылдары “Лениндик Туу” облустук газетасында “Партиялык турмуш” бөлүмүнүн башчысы, Талас райондук коммуналдык чарба мекемесинде жетекчи болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.

Мүнүр Мамбеталиев 1994-жылдан бери ушул күнгө чейин Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн жана укук коргоо органдарынын ардагерлеринин Талас областтык кеңешинин төрагасы кызматын аркалаган.

Бул кызматта Мүнүр Мамбеталиев 30 жыл бою эмгектенип, ардагерлердин муктаждыктарын канааттандырууга тиешелүү уюм, мекеме жетекчилери менен бирдикте иш жүргүзүп келген. Мүнүр Мамбеталиевдин демилгеси менен согуштан кайтпай калган жоокерлерге жана согуштан кайтып келип, курман болгон ардагерлерге арналып, 27 айылда эстеликтер тургузулган. Талас шаарынын борбордук паркында тарыхый инсандарга арналган аллея ачылып, анда өрөөндөн чыккан белгилүү инсандардын жана элдик революцияда курман болгондордун эстеликтери тургузулган.

Мүнүр Мамбеталиев акын жазуучу катары 13 ырлар жыйнагынын жана прозалык 5 китептин автору катары калкка белгилүү.

Сыйлыктары:

1980-1981-жылдары - Кыргыз ССРнин калкты турмуш-тиричилик жактан тейлөө министлигинин, Киров райком партиясынын Ардак грамоталары;

1984-жылы – СССРдин “Ветеран труда” медалы;

1995, 2002, 2004-жылдары - Талас облустук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

1995-жылы - Талас райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы;

1997-жылы – Кыргыз Республикасынын “Даңк” медалы;

2002-жылы - Кыргыз Республикасынын Коопсуздук комитетинин Ардак грамотасы;

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы;

2005-жылы – Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын Ардак грамотасы

2006-жылы – Көз карандысыз мамлекеттердин ветерандарынын коомдук кызматташтык уюмунун Координациялык кеңешинин грамотасы менен сыйланган.

Мүнүр Мамбеталиевге Талас облусунун, Талас районунун жана Бекмолдо айыл өкмөтүнүн “Ардактуу атуулу” наамдары ыйгарылган.

Мүнүр Мамбеталиевдин туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты,

Талас, Бакай-Ата, Айтматов, Манас райондук мамлекеттик администрациялары,

Талас шаарынын мэриясы.