13 ноябрь 2024
Кароолор: 10
“МУРАС АЙМАК” ТУРНИРИНИН ОБЛУСТУК ЭТАБЫ БАШТАЛДЫ

2024-жылдын 13-ноябрында Газпром спорттук комплексинде футзал боюнча “Мурас Аймак” турниринин облустук этабы башталды. Ага Талас облусундагы бардык райондордон, Талас шаарынан жана күч түзүмдөрү тарабынан түзүлгөн жалпы 6 команда катышууда.
Турнирдин негизги максаты — ар кайсы коомдук чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн ортосундагы достук жана расмий эмес байланыштарды чыңдоо, калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, аталган спорттук иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда өтө турган салттуу достук «Мурас» турниринин тандоо этабы болуп саналат. Жеңген командалар быйылкы жылдын декабрь айында өтүлүүчү “Мурас” турниринин финалдык баскычына аттанышат.