02 май 2025
Кароолор: 3
Манас районунун акиминин биринчи орун басары кызмат ордуна Руслан Джеенбеков дайындалып, эмгек жамаатына тааныштырылды

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Касымалиев Адылбек Алешовичтин №276 Тескемесине ылайык, Джеенбеков Руслан Рахманбердиевич Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акимдин биринчи орун басары болуп дайындалды. Кечээ, 1-майда Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нургазы Асылбеков жаӊыдан дайындалган акимдин биринчи орун басары - Джеенбеков Руслан Рахманбердиевичти Манас райондук мамлекеттик администрациясынын эмгек жамаатына тааныштырды. Джеенбеков Руслан Рахманбердиевич буга чейин КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси кызматын аркалап келген.