26 август 2024
Кароолор: 10
МАНАС РАЙОНУНДА ЖАҢЫ БАЛДАР БАКЧАСЫ ЭШИГИН АЧТЫ

26-августта ыйгарым укуктуу өкүл Эрмат Джумаевдин катышуусунда Манас районуна караштуу Кыргызстан айыл өкмөтүнүн Манас айылында 65 орундуу Сатыбалды кызы Байыскан атындагы бакчанын ачылыш аземи болуп өттү.
Салтанаттуу ачылыш аземге КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Джумаев, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марат Мураталиев, район акими, айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү айыл тургундары катышты.
Облус башчысы Эрмат Джумаев ачылыш аземде куттуктоо сөз сүйлөп, жергиликтүү айыл тургундарын жаңы бала бакчанын ачылышы менен куттуктап, өз сөзүндө келекчек ээлери болгон балдар үчүн шарт түзүп колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдирди. 65 орундуу жаңы билим уясы 0,65 га жер аянтын түзөт.
Жалпы сметалык наркы 55,0 млн сомду түзгөн Сатыбалды кызы Байыскан атындагы бала бакчанын курулушу Бакай банктын демөөрчүлүгү менен 2023-жылы башталган. Бүгүнкү күнгө карата аталган мектепке чейинки билим берүү мекемеси керектелүүчү жабдуулар менен жабдылып айыл тургундары үчүн өз эшигин ачты.