30 август 2024

Кароолор: 18

МАНАС АЙЫЛЫНДАГЫ ТЕМИР-БЕТОН КИЧИ ЗАВОДУ ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛДИ

Бүгүн, 30-августта ѳлкѳ башчы Садыр Жапаровдун демилгеси менен Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк күнүнө жана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата Талас районуна караштуу Чон-Алыш айыл аймыгынын Манас айылында темир-бетон буюмдарын (ЖБИ) жасоочу кичи заводдун ачылышы болду. Ишкана Кара-Кыргыз автономиялык облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата ачыла турган 100 ишкананын бири.

Ишкананын ачылышына КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу ѳкүлүнүн биринчи орун басары Талант Эдилов, Талас райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Нургазы Нармырзаев жана жергиликтүү бийлик ѳкүлдѳрү, айыл тургундары катышты.

Темир-бетон буюмдарын ѳндүрүүчү ишкананын ачылышы менен мында 15ке жакын жумуш оруну түзүлдү. Аталган кичи заводдун өндүрүштүк сыйымдуулугу күнүнѳ 6 даана ЛР 60 (лоток), 6 даана ЛР 80 (лоток), 6 даана Г 12 жана 6 даана Г 15, ошондой эле 6 даана темир бетон мамыча, 6 даана темир бетон шакекче жалпы 36 даяр материал күнүнѳ ѳндүрѳ алат.

Ирригацияга жана курулушка эң керек материалдар ѳндүрүлгѳн бул темир-бетон буюмдар заводун курууга жалпы 13 922 804 сом сарпталды. Каржылоо Талас районун ѳнүктүрүү фонду тарабынан жүргүзүлдү.